№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн он үч жаран арыз берди. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, депутат болууга ниетин эң алгач Атабек Мазымканов 3-майда билдирген.
Талапкерлер: Атабек Мазымканов, Бактыбек Момбеков, Жакшылык Мукамбетов, Данир Иманалиев, Султан Тентимишев, Сулайман Турсунакунов, Аманат Тукунов, Айжигит Тыналиев, Кубанычбек Кадыров, Темирболот Усенгазиев, Самат Асипов, Мухтар Сартманов, Улукбек Белек уулу.
Белгилей кетсек, Ноокат менен Ысык-Көлдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнда өтөт.