Биз социалдык тармакта

Алайдын Гүлчө айылында таза суу тартуу иштери башталды

Бүгүн, 24-майда Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылына таза суу тартуу иштери башталды. Бул тууралуу райондук администрациясынан маалымдады.

Жалпы жыйында район акими Чыңгыз Бапаев таза суу Тилектеш айыл аймагынын Аюу-Тапан тилкесинен тартылып, жалпы 40 чакырымды түзө тургандыгын билдирген.

“Таза суу демөөрчүлөрдүн көмөгү менен тартылат. Суу кампага таза суу толтурулса, Гүлчө айылынын калкына мурдагыдай 2 саат эмес, 24 саат таза суу бериле баштайт”, - деп кошумчалаган аким.

Айта кетсек, Гүлчө айылында жалпы кожолуктун саны 3914, калктын саны 22 миң 519 адамды түзөт. Андан сырткары башка айыл аймактардан келген 5 миң 500гө жакын тургун жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан