Орусия Армениядагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алды

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Армениядагы элчиси Сергей Копыркинди кеңешүү үчүн Москвага чакырды. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат. Министрлик мындай чечимдин себептерин түшүндүргөн жок.

"24-майда Орусиянын Армениядагы элчиси Сергей Копыркин консультациялар үчүн Москвага чакырылды", - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

22-майда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 2020-жылы Тоолуу Карабакта Армения менен болгон аскердик жаңжалда Азербайжанга Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө эки мамлекет жардам бергенинен кабардар экенин билдирген.

Армениянын премьер-министри булар кайсы өлкөлөр экенин тактаган жок. ЖККУга Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения, Кыргызстан жана Тажикстан кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан