Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө-мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңири чөйрөдөгү кезектеги жыйынына катышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, алгач КМШга мүчө-мамлекеттеринин делегация башчылары тар чөйрөдө шериктештиктеги экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.
Жыйында өкмөт башчысы, 2023-жылда Кыргызстандын КМШга төрагалык кылуусуна ар тараптуу көмөк көрсөткөнү үчүн, КМШга мүчө бардык өлкөлөргө ыраазычылык билдирип, дал ушул биргелешкен иш, Кыргызстандын төрагалыгынын максаттарын жана артыкчылыктарын толук ишке ашырууга жана КМШ мейкиндигинде кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана кеңейтүүдө жакшы натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк бергенин белгиледи.
"2019-2023-жылдарга Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен өз ара жана тышкы соодасынын көлөмү 1,6 эсеге, анын ичинде экспорт 1,8 эсе, импорт 1,5 эсе өстү. 2023-жылы КМШга мүчө-мамлекеттердин үлүшү, Кыргыз Республикасынын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 33 пайызына туура келди", - деди Жапаров.