Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине алдыда пенсиянын көтөрүлүшү тууралуу маек берди.
Анда өкмөт башчысы 1-октябрдан тартып Социалдык фонд тарабынан дайындалган пенсиялар 172 пайызга чейин көбөйтүлүп, 6800 сомдон кем эмес болорун белгиледи.
Ал кошумчалагандай, бул чечим Конституциянын ченемин (44-берене, 2-бөлүк) ишке ашырат, анда “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат.