Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган 10 жаранга айып салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстандын 10 жаранынын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.