Бүгүн, 25-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 381 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станцияларынын" маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, суунун агып келиши секундасына 1200 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 298 куб метрди түзүүдө.
Белгилей кетсек, былтыр 25-майда суунун деңгээли 8 миллиард 446 миллион куб метрди түзгөн.