Бүгүн, 23-декабрда саат 17:00дө Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын 20 жылдыгына жана хореография режиссурасы кафедрасынын 15 жылдыгына арналган майрамдык концерт өтөт. Бул тууралуу консерваториянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, концерттин программасына дүйнө элдердин жана улуттук кыргыз бийлери, заманбап постановкалар жана классикалык вариациялар коюлат. Концертте кафедранын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү, Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык училищенин окуучулары, “Шаттык” үлгүлүү элдик бий ансамбль жана Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын солисттери катышышат.
Концерттин көркөм жетекчиси – КРнын Маданият жана билим берүү отличниги, Н.Тугелов атындагы сыйлыктын лауреаты, хореография режиссурасы кафедрасынын жетекчиси Зарылбек Молдобакиров. Концертте дүйнөлүк жана кыргыз улуттук шедевр музыкаларына коюлган хореографиялык постановкалар көрсөтүлмөкчү.