Бүгүн, 25-майда өлкө башчысы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Акылман" президенттик лицейине Акыркы коңгуроо салтанатына катышуу үчүн келди.
Алгач президент билим уясынын окуучулары тарабынан даярдалган жарманкеге күбө болду. Анда тарбиялануучулар предметтер, ийримдер боюнча практикада өтүп жаткан багыттарды көрсөтүштү.
Андан соң негизги бөлүккө орун келип, өлкө башчысы Садыр Жапаров өз билими менен мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошо алган татыктуу кадрларды даярдаш үчүн лицей ачылгандыгын баса белгилеп, атайын мыйзам иштелип чыга тургандыгын билдирди.
"Тааныш аркылуу же коррупциялык жол менен жумушка орноп келген кадрларды 30 жылдан бери көрүп келе жатабыз. Мындай көрүнүш бардык мамлекеттик кызматтарда болуп келгендигин моюнубузга алышыбыз керек. Чыныгы татыктуу кадрлар мамлектти башкарууга келишин камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттен акча бөлүнүп "Акылман" лицейи ачылган. Лицейди башка президенттер келсе да көңүл сыртында калтырбаш үчүн атайын мыйзам иштеп чыгуу тапшырмасы берилди", - деп айтты Жапаров.
Ошондой эле малекет башчысы лицей дүйнөлүк агымдан артта калбай зирек балдарды тарбиялоодо эң алдыңкы билим уяларынын катарын толуктайт деп кошумчалады.
Өз кезегинде ата-энелер өлкө башчысына ыраазычылык билдиришти.
"Карапайым элдин балдарына да кам көрүп, лицейге жөндөмдүү балдарды кабыл алгандыгы сонун. Так предметтер англис тилдеринде өтүп жатат. Бул жаатта мугалимдердин эмгеги чоң. Балдарыбызга беш маал тамак берилип, жылуу, таза жерде билим алып жатат. Жатаканалардагы шарттар да жакшы, алыс аймактардан келген окуучуларга жакшы мүмкүнчүлүк ", - деди ата-энелер.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 25-августунда "Акылман" президенттик лицейи өз эшигин ачкан. 7-класска 72 бала кабыл алынып, окуу жылын ийгиликтүү аяктап жатат. 2024-2025 окуу жылына 192 окуучуну кабыл алуу пландалууда.