Бүгүн, 25-майда президент Садыр Жапаров мектеп бүтүрүүчүлөрүн Акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда бүтүрүүчүлөргө турмуштун даңгыр жолунда өз ордун таап, өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу менен коом алдында жоопкерчилик алууга даяр болуусу керектигин айтты.
“Бүгүн өлкөбүздүн бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүп жатат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, билим уясынан турмуш сапарына канат каккан бүтүрүүчүлөргө дагы ак жол каалай кетейин!
Бул күн бүтүрүүчүлөрдүн ар биринин жеке жашоосунда эстен кетпей турган эң маанилүү күн! Билим алган мектеп, таалим-тарбия берген мугалимдер менен коштошуп, турмуш жолуна аттанууга акыркы коңгуроо кагылып турат.
Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!
Силер турмуштун даңгыр жолунда өз ордуңарды таап, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу менен коом алдында жоопкерчилик алууга даяр болушуңар зарыл.
Адам баласынын жашоосунда кесип тандоо – өтө маанилүү маселе! Мен силердин "Жети өлчөп, бир кесип”, жеке мүмкүнчүлүк, жөндөмүңөрдү байкап, каалооңор менен акыл көрөңгөңөр туура келген кесипти тандооңорго тилектешмин. Кандай кесипти тандасаңар дагы ата-энеңер, агай-эжейлериңер сыяктуу мен дагы албан-албан ийгиликтерди жаратышыңарды каалайм. Себеби силерге бүткүл өлкө, жалпы журтубуз үмүт артып турат!
Мектептен таалим-тарбия алып, терең билим топтоо менен аттанган сапарыңар байсалдуу болсун!” – деди Садыр Жапаров.