Биз социалдык тармакта

ЖКККББ: "Унаа айдаган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө тиешелүү чаралар көрүлөт" 

Айдоочулук укугу жок унаа айдаган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда ЖКККББдан эскертишти.

Маалымдалгандай, өлкөдө “Акыркы коӊгуроо” салтанаттуу иш-чарасынан кийин, майрамдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынган. Мындан тышкары айдоочулук укугу берилбеген окуучулардын автоунаа айдоосуна, жаратылыш коюнунда, же болбосо башка эс алуучу жайларда өз алдынча белгилөөгө болбойт.

"Эгерде мындай учурлар аныкталса, уюштуруучуларга жана катышуучуларга карата тийиштүү чаралар колдонулат. Максатыбыз – бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу.

Андыктан бүтүрүүчү балдарыңыздарга унаа каражатын бербестен, ошол күндөрү толук көзөмөлгө алууңуздарды өтүнөбүз", - деп эскертишти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан