"Газпром" спорт комплекси жана Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команданын катышуусу менен "Мурас" салттуу достук мелдешинин тайпалык этабы өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалым болгондой, командалар 4 тайпага бөлүнгөн. Кечээ, 25-майда ойнотулган оюндардын жыйынтыгында мелдештин 1/4 финалына - "Президенттин командасы", "Билим", "Спорт чеберлери", "Коопсуздук", "Банктар жана бизнес", "Ыйман", "Ден соолук" командалары чыгышты.
Ага ылайык, чейрек, жарым финалдык жана финалдык оюндар бүгүн "Газпром" спорт комплексинде өтөт. Оюндардын түз алып берүүсү УТРК спорт каналында жеткиликтүү болот.
Эске салсак, кечээ, 25-майда салтка айланган "Мурас" достук турниринин ачылышы болуп, ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев катышкан.