Беларустун укук коргоо кызматкерлери Минскте Тажикстандын эки жаранын мекенинде теракт жасоого даярданган деген шек менен кармашты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышууда.
Маалымдалгандай, күч органдарынын күчү менен ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Тажикстандын 23 жаштагы эки жараны кармалды. Алар Тажикстанда теракт жасоого даярданган деп шектелүүдө.
Ага ылайык, ИИМдин Маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Наталья Сахарчук кармалгандар Тажикстандын укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин жана алар мекенине "жолго чыгып кетишкенин" билдирди.