Бүгүн, 26-майда, 42 жашында футбол калысы жана инспектор Тимур Файзуллин мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Улуттук лигадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калыстык карьерасында Дүйнө биринчилигинин, Азия кубогунун жана АФКнын мелдештеринин квалификациясынын, ошондой эле Кыргызстандын чемпиондугунун жана Кубогунун беттештерин тейлеген.
Тимур Файзуллин Улуттук категориядагы калыс наамынын ээси, ага чейин бир нече жыл FIFA категориясынын ээси болгон. Акыркы жылдары Кыргыз Премьер Лигасынын беттештеринде инспектор болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жааматы Тимур Файзуллиндин үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.