"Мурас" достук турнири: "Ден соолук" командасы экинчи ирет жеңишке жетти 

Бүгүн, 26-майда Бишкектин "Газпром" спорт комплексинде "Мурас" достук мелдешинин чейрек, жарым финалдык жана финалдык оюндары болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалымдалгандай, турнирдин көңүл жубатуучу финалында - 3-орун үчүн беттеште "Спорт чеберлер" командасын "Президенттин командасы" 2:1 эсеби менен жеңди.

Ал эми финалдык оюнда "Ден соолук" "Коопсуздук" командасы менен кез келип, 3:1 эсеби менен утту.

Ошентип «Ден соолук» командасы турнирдин бардык 6 чыгарылышы ичинен экинчи ирет мелдешти жеңди.

«Мурас» мелдешинин жыйынтыгы:

1-орун - «Ден соолук»

2-орун - «Коопсуздук»

3-орун - «Спорт чеберлер»

4 орун - «Президенттин командасы»

Ага ылайык, жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга ээ болгон оюнчулар: Мыкты оюнчу - Мусаев Колбай («Коопсуздук»), Мыкты бомбардир - Турусбеков Нурлан («Ден-соолук»), Мыкты дарбазачы - Болотбеков Эльзар («Спорт чеберлери»).

Белгилей кетсек, турнирдин байге фонду 1 миллион сомду түзүп, ал биринчи төрт орунду ээлеген командалар арасында бөлүштүрүлдү.

Эске салсак, кечээ, 25-майда салтка айланган "Мурас" достук турниринин ачылышы болгон. Ага байланыштуу, мелдеш өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан