Биз социалдык тармакта

"Күн жылуу болот". 27-майга карата аба ырайы

Эртең, 27-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Ош облустарынын тоолуу райондорунда күн күркүрөп, жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалымдалгандай, күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлүүдө. Ал эми Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ага ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3… +8, күндүз +20… +25,

Талас жергесинде түнкүсүн +1… +6, күндүз +17 … +22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6… +11, күндүз +23 … +28,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1 … -2 (үшүк), күндүз +14…+19

Нарында түнкүсүн +4… +9, күндүз + 3…+19.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4… +6, күндүз +23… +25 градус ысык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан