27-28-май күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда “Мен патриот” аттуу эркектер жана кыз-келиндер арасында аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
- эркектер: 57, 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, +90 килограмм;
- кыз-келиндер: 60, 65, 70, +70 килограмм.
"Мелдеш 27-майда саат 9:00дө башталып, финалдык беттештер 28-майда саат 9:00дө болот", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, иш-чара 1999-жылы жана 2021-жылдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда кайтыш болгон аскер кызматчыларынын элесине арналат.