Өлкөнүн футбол боюнча өспүрүм кыздар курама командасы CAFA U-15 Women’s Championship эл аралык мелдешинин коло медалдарын жеңишти. Бул тууралуу Кыргыз футбол уюму билдирди.
Билдиргендей, аталган турнир Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн. Анда биздин курама үч беттеш өткөрүп, Иран менен Өзбекстан курамаларынан жеңилүү ызасын тартса, Тажикстан курамасын 3:1 эсебинде жеңип алган. Жыйынтыгында үч упай менен 3-орунду ээлеген.
Мелдештин жыйынтыгы:
1-орун - Иран (9 упай)
2-орун - Өзбекстан (6 упай)
3-орун - Кыргызстан (3 упай)
4-орун - Тажикстан (0 упай)
Футбол уюму мелдеште кураманын башкы машыктыруучусу Наталия Гайворонскаяга Talent Caoch программасы боюнча өлкөдө иштеген испандык адис Дэниел Лимонес жардам бергенин кошумчалады.