Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-май күнү милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал 19-майдан 20-майга караган түнү Сагынбай манасчы көчөсүнө токтотуп койгон Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын уурдатканын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесине (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү делип, 2004-жылы туулган Д.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.