Израиль армиясы Рафах шаарындагы объектке сокку уруп, андан 50 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Газадагы ХАМАС кыймылы Рафахтагы жер которгон адамдар үчүн борборго жасалган соккудан кеминде 50 киши каза таап, ондогону жарадар болгонун билдирди. Өз кезегинде Израилдин Коргоо күчтөрү шаардагы ХАМАСтын лагерине абадан сокку урганын жана каза болгондор тууралуу кабарлардан кабардар экенин билдирди.
Дарыгерлер жаракат алгандарга жардам көрсөтүүгө жетишпей жатканын ХАМАС кыймылы билдирди.