Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 2022-2023-жылдары 12 миңден ашуун үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

2022-2023-жылдары "Социалдык келишим" программасынын негизинде 12 миңден ашуун үй-бүлөгө мамлекет тарабынан 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөр чакан ишкерликти баштоого мүмкүнчүлүк алышкан.

Аймактар боюнча:

  • Ысык-Көл облусунан 1144 үй-бүлө;
  • Жалал-Абад облусунан 4007 үй-бүлө;
  • Талас облусунан 810 үй-бүлө;
  • Нарын облусу боюнча 837 үй-бүлө
  • Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча 1483 үй-бүлө;
  • Ош облусу жана Ош шаары боюнча 3172 үй-бүлө;
  • Баткен облусунан 1347 үй-бүлө.

Белгилей кетсек, министрлик быйыл дагы аталган программага катышуу үчүн арыздар кабыл алынып жатканын кабарлап, аз камсыз болгон 23 миң үй-бүлө катыша аларын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан