Биз социалдык тармакта

Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугу камсыз кылынды 

Бишкекте акыркы коңгуроо күнүндө шаардагы тартипти жана мектеп окуучуларынын коопсуздугун тартип сакчылары камсыз кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, укук коргоо кызматкерлери акимиаттын, билим берүү башкармалыгынын жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү менен биргеликте коомдук жайларда, кафе-ресторандарда биргелешкен иш-чараларды өткөрүштү.

Ага ылайык, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерге оюн-зоок жайларында жана башка эл көп чогулган жерлерде чогулуштарды уюштурбоо керектиги эскертилди.

Белгилей кетсек, быйыл Бишкек шаарында 17 миң 788 9-класстын окуучусу жана 8 миң 775 11-класстын окуучусу үчүн акыркы коңгуроо кагылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан