Кечээ, 26-майда Балыкчы шаарында ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге чейин жеткен шамалдын кесепетинен Соң-Көл көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин сырткы калайын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, жерине Балыкчы шаардык 19-Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн ыкчам топ тартылып, тактоо иштерин жүргүзүп, учурган калайды коопсуз жайга жылдырып беришкен.
Ага ылайык, катуу шамалдан Жети-Ɵгүз районунун Жети-Ɵгүз айылындагы Д.Иманов атындагы орто мектебинин спорт залынын чатыры толугу менен ордунан 1 метр аралыка жылып кеткен.
"Жерине тактоо иштерине Жети-Өгүз райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.