Биз социалдык тармакта

Өлкөдө бүтүрүүчүлөр үчүн жыйынтыктоочу аттестация 15-июнга чейин жүргүзүлөт

Кыргызстанда жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 3-июндан 15-июнга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 4 предмет боюнча жүргүзүлөт.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:

- алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 3-июнда;
- эне тилинен (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 7-июнда;
- кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнда;
- Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 14-июнда.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:

- эне тили жана адабиятынан (эссе) – 3-июнда;
- математикадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 7-июнда;
- Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 11-июнда;
- кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 14-июнда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан