Биз социалдык тармакта

Транспорт министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Бектурсун Дыканбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка министр Тилек Текебаев кол койду.

Белгилей кетсек, Бектурсун Дыканбаев буга чейин министрликке караштуу Жол чарба департаментинин Иштерди пландаштыруу, даярдоо жана кабыл алуу бөлүмүн жетектеген.
"Жаңы дайындалган башкармалыктын башчысын жалпы жамаатка министр Тилек Текебаев тааныштырып, анын практикалык иш тажрыйбасын белгилөө менен ийгиликтерди каалады", - деп жазылат андагы билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан