Өлкө аймагында бир жума ичинде 21 миң 128 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Мындай көрсөткүч 20-майдан 26-майга чейинки аралыкта катталган.
Жол эрежесин бузуу фактылары:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 338;
- Мас абалында унаа башкаруу - 275;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 79;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулары - 737;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 миң 408;
- Авто ээнбаштык - 26;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 миң 316;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 6;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11миң 943.
Ошондой эле ЖКККББ ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1560 автоунаа айып короого токтотулганын кошумчалады.