Биз социалдык тармакта

Министрлик өлкөдө канча чет элдик студент билим алып жатканын айтты

Кыргызстанда 58 миң 600 чет элдик студент билим алат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, чет элдик студенттердин басымдуу бөлүгү коңшу мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жарандары.

"Алардын басымдуу көпчүлүгүн КМШ өлкөлөрүнүн жарандары түзөт. Алыскы өлкөлөрдөн келген жарандар 24 миңдин тегерегинде. Булар көбүнчө медициналык ЖОЖдордо окугандар", - деди билим берүү министринин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан