Буга чейин Фейсбук социалдык тармагына пияздын массалык түрдө талаага ыргытылып жаткан видео тараган. Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги бүгүн, 27-майда видео боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, аталган видео чындыкка дал келбейт жана Кыргызстандын аймагынан сырткары жерде тартылган.
Тактап айтканда, видео Казакстандын Шор-Төбө аймагында орун алгандыгы белгилүү болду.
Ошондой эле министрлик учурда өлкө аймагында кампаларда сакталып турган былтыркы пияздар дыйкан-фермерлерге эмес, ортомчуларга (алып-сатарларга) таандык экендигин белгиледи. Бул пияздын жаңы түшүмүнүн баасы туруктуу бойдон сакталышына көмөк көрсөтөт.
Министрлик айыл чарба багытында өндүрүлгөн продукциялардын баасын туруктуу кармоо максатында жана дыйкан-фермерлерге тиешелүү көмөк көрсөтүү үчүн Координациялык кеңеш түзүлгөндүгүн билдирди.
Кеңешке министрликтин жооптуу кызматкерлери кирип, ага министрдин орун басары С.Н.Насирдинов төрагалык кылат.