Биз социалдык тармакта

Кыргыз окуучулары эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңди 

Кыргызстандык окуучулар TASIMO Ташкент эл аралык математика боюнча олимпиадада 4 күмүш, 3 коло медалга ээ болушту.

Билим берүү министрлиги билдиргендей, сынак 17-майдан 20-майга чейин болгон. Ага 10 өлкөдөн 300дөн ашык окуучу катышкан.

Күмүш медаль ээлери:

– Назар Киргизбаев жана Айдин Асанкадыров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучулары;

– Нурсултан Эшперов жана Сейит Рыскулов, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучулары;

Коло медаль ээлери:

– Нурдөөлөт Капаров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучусу;

– Тимур Акенеев, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 9-классынын окуучусу;

– Султан Мусаходжаев, №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу.

Олимпиадага кыргызстандык окуучуларды математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан