Биз социалдык тармакта

Алай райондук сотунун жаңы имараты пайдаланууга берилди

Ош облусундагы Алай райондук сотунун жаңы имараты пайдаланууга берилди. Маалыматты өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Аталган имараттын капиталдык оңдоо иштерине жалпысынан 28 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.

Бүгүнкү күндө административдик имаратта 25 кызматкер эмгектенишет. Алардын ичинде эки судья, жети аппарат, сегиз техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлери, 3 сот аткаруучу жана 4 сот приставы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан