Биз социалдык тармакта

Ош мэриясы 1-июнда өтө турган иш-чаралардын программасын жарыялады

Ош шаардык мэриясы 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата иш-чаралардын программасын жарыялады.

Ага ылайык, 1-июнда:

- Саат 10:00-15:00гө чейин Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында улуттук спорт оюндары, чуркоо мелдештери, атайын бий өнөрлөрү, асфальтка сүрөт тартуу жана башка оюн-зооктор өткөрүлөт.

- Саат 17:00дө А. Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо балдар арасында эл аралык жеңил атлетика түрү боюнча турнирдин ачылыш аземи болот. Иш-чара өлкөнүн белгилүү ырчылары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолот.

Ошондой эле саат 13:00дө Бабур театрында “Raxsana в стране чудес” аталышындагы бий спектакли тартууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан