Биз социалдык тармакта

Бишкектеги китепканада адабий-музыкалуу кече болуп өттү 

Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканада китепканачылар күнүнө арналган адабий-музыкалуу кече болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда мекемеден билдиришти.

Иш-чарада шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору Күлсайра Дандыбаева шаардагы 28 китепканалардын башчыларын жана китепканачыларды кесиптик майрамдары менен куттуктады.

Анын алкагында "Мыкты китепканачы — 2024” сынагы орун алып, шаардык борбордук китепкананын кызматкери Чынара Расакова баш байгени жеңип алды.

Майрамга арналган сынактын жүрүшүн элдик өнөрпоз Майрам Турдубаева жетектеген “Өмүр” шайырлар тобунун ырчылары коштоп турушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан