SUPER.KG порталынын бул жолку маектеши блогер, ырчы, акыркы убакта актриса катары өзүн сынап жүргөн Аида Багышбекова болду. Ал тасмадагы образы, ырчылыгы, сүйүүсү тууралуу кызыктуу маек курду.
"Өзүмдү сынап көрөйүн деп жакында “Ханбийке” деген тасмага тартылдым. Абдан жакты. Негизи блогерликтен көбүрөөк акча тапканым менен, жан дүйнөмө ырчылык жана актрисалык жакын. Аталган тасмага мени фильмдин продюсери Аскат Субанбеков чакырды. Алгач экинчи ролдогу каармандын ролуна чакырышкан, барып Ханбийкенин да, экинчи образдагы каармандын да ролун аткарып бердим. Тартуучу топ дароо эле “болду, башкы ролго сени алдык, башка актриса издебейбиз” деди. Сценарийди окуганда эле мага образым аябай жакты. Образга кирүүдө кыйынчылык болгон жок, бирок ысык-суукта иштеп ооруп калган күндөрүм болду. 2 күн уктабай иштеген учурларыбыз болду, айтор, кино тартуу аябай түйшүктүү иш экен", - деди Багышбекова.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.