Эртең, 28-майда Ош облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы берилбейт. "Ош электр тармактары" ишканасынан кабарлашкандай, мындай чектөө оңдоо-түзөө жумуштарына байланыштуу кабыл алынган.
Эртең саат 8:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү аймактарда электр энергиясы убактылуу болбойт:
Араван РЭТ: Достук айыл аймагы Ош-3000, Беш-Карам көчөлөрүндө жана Аймактык ооруканада.
Сулайман-Тоо РЭТ: Ош шаарынын Волгоград, Абдыкадыров, Степная, Нагорная, Алиева, Закирова, УКМК, Школьная, Краснофлотская, Анар No15, 16, 16А, 17 көп кабаттуу үйлөрүндө.
Кара-Суу РЭТ: Кыргыз-Чек, Ташлак айылдарында. Ош шаарынын 222,223 кварталында. Заводская жана Беш-Мойнок аба чубалгыларынан электр энергия алган таш майдалоочу жана кыш чыгаруучу заводдордо.