Биз социалдык тармакта

Ош шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери башталды

Ош мэри Бакытбек Жетигенов Жибек Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №177 жана Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Чкалов көчөсүндө башталган жолдорду капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган көчөлөрдөгү оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү тургундардын кайрылууларына ылайык жүргүзүлүп, жергиликтүү жашоочулар тарабынан көмөк көрсөтүлүүдө.

"№177 көчөсүндөгү жолдун узундугу 2,33 чакырым, туурасы 9 метрди түзөт. Узундугу 1 чакырым, туурасы 2,25 метрди түзгөн тротуар кошо курулат", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, Чкалов көчөсүндө 850 метр жол толук оңдолуп, эки көчөдө тең ирригациялык тармактар, жарыктандыруу системалары орнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан