Алымкадыр Бейшеналиев ГАВИ Катчылыгынын жетекчиси менен жолугушту

Женева шаарында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Вакцина жана иммунизация боюнча Глобалдык альянстын (GAVI) катчылыгынын жетекчиси Колет Селман жана ГАВИнин аймактык жетекчиси Сем Мюллер менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ага ылайык, Бейшеналиев Кыргызстанда балдардын жана калктын ден соолугун коргоого кошкон баа жеткис салымы үчүн ГАВИ катчылыгына терең ыраазычылык билдирди.

"Ошондой эле ал Эмдөө программасы өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы приоритеттүү программалардын бири экенин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан