Израилдин Рафахка жасаган авиа соккусуна дүйнө кыжырданды

Израилдин аба күчтөрүнүн Рафах шаарына жасаган соккусунан качкындардын чатыр лагеринде өрт чыгып, 45 киши каза болду. Мындан улам Дүйнө лидерлери Дүйнөлүк сотту Израилдин соккуларын токтотууга чакырышканын Retuers агенттиги жазды.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесиндеги саламаттыкты сактоо кызматкерлери лагерде каза болгондордун жарымынан көбү аялдар, балдар жана карылар экенин билдирди. Алар катуу күйүк алгандар көп болгондуктан каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин белгилешти.

Өз кезегинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху сокку жай тургундарга багытталган эмес деп билдирди.

АКШ Израилди карапайым калкты коргоого көбүрөөк кам көрүүгө чакырды, бирок Рафахка кол салууларды токтотууга чакырган жок. Ал эми Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилдин соңку чабуулдарына "кыжырданганын" билдирди.

"Бул операциялар токтотулушу керек. Рафахта палестиналык жарандар үчүн коопсуз зоналар жок", - деп жазды ал X социалдык тармактагы баракчасына.

Андан соң бир нече миңдеген демонстранттар Израилдин Газа тилкесиндеги чабуулдарына нааразылык билдирип, Париждин борборуна чогулушту.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Барбок менен Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Йозеп Боррелл Эл аралык соттун чечимин сыйлоо керектигин айтышты. Канада өкмөтү Рафахтагы кандуу аба соккусунан "үрөйү учканын" айтып, ок атышууну токтоосуз токтотууга чакырды. Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттары да Израилдин чабуулун айыпташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан