Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кара-Балта шаарында депутаттар тарабынан кабыл алынган “Cүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндөгү” токтомдун аткарылышын талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул туурасында кечээ, 27-майда ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Жыйынга экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сеитов, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Кубат Касейинов баштаган жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышты.
Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев сүттүн баасына байланышкан маселе Жайыл жана Панфилов райондорундагы дыйкан-фермерлердин гана көйгөйү эмес экенин белгилеп, сүттүн сатып алуу баасын 40 сомдон кем эмес белгилөө тууралуу токтом кабыл алганын белгиледи.
Ал эми экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сеитов өндүрүлгөн сүттүн көлөмүнө жана сапатына байланыштуу жагдайлар анын баасына таасир берип жатканын кошумчалаган. Муну менен катар сүттүн наркын аныктоо маселесине байланыштуу жумушчу топ түзүлөрүн жана жыл аягына чейин тийиштүү чечимдер кабыл алынарын убадалады.
Жыйында фермерлер сүттүн баасы өтө төмөн болуп, сүттү заводдорго ташыган ортомчулар гана пайда көрүп жатканы тууралуу нааразычылыктарын айтышты.
“Дүкөндө сүттүн баасы 100 сомдун тегерегинде болуп жатса, карапайым фермерлер эмне үчүн сүттү 20 сомдон сатышы керек? Бир боо чөптүн баасы эле 500 сом болуп, малды багуу оорлоп баратат. Биздин чыгымды ким актап берет?” - деди жергиликтүү тургундар.
Ошондой эле фермерлер ортодогу ортомчуларды азайтып, заводдор фермерлерден түзмө-түз алышы керектигин сунушташты.
Жыйынтыгында төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев фермерлер тарабынан айтылган бардык сунуш-пикирлерди эске алып, тез арада комплекстүү иштерди жүргүзүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди. Ошондой эле Жогорку Кеңеш да аталган маселенин чечилишин тыкыр көзөмөлгө аларын билдирди.