Кечээ, 27-майда өлкөнүн футбол боюнча курама командасы машыгуу үчүн Жалал-Абад шаарына барды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдирди.
Улуттук курама июндагы оюндарга даярдыгын "Барселона" футбол академиясынын базасында өткөрөт.
"Аэропорттон кураманын оюнчуларын, машыктыруучулар жана административдик штабдын өкүлдөрүн шаардык муниципалитеттин башчысы Эрнисбек Ормоков, аймактык футбол ассоциациянын өкүлдөрү жана шаар тургундары жылуу тосуп алды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кыргыз футболчулары июнь айында Малайзия жана Оман менен беттеш өткөрөт.