Өлкөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италияга иш сапары менен барат. Сапар 28-30-майга пландалганын министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта министрдин сапары Италиянын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Антонио Таянинин чакыруусу боюнча уюштурулганы айтылат.
Анын жүрүшүндө Кулубаев "Борбордук Азия - Италия" министрлеринин жолугушуусуна катышат, ошондой эле Италия расмий өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.