Биз социалдык тармакта

Кумтөрдөн 2,5 жылда канча киреше түшкөнү айтылды

2,5 жылдын ичинде өлкө Кумтөрдөн 300 миллион доллар өлчөмүндө дивиденд алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып жатып айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Билдиргендей, аталган конференцияда Жапаров мамлекет Кумтөр кени иштеп баштагандан берки тапкан пайдаларына токтолгон.

Анда ал 1994-жылдан 2021-жылдын майына чейин мамлекет дивиденд катары 100 миллион доллар алса, акыркы 2,5 жылдын ичинде 300 миллион доллар пайда тапканын белгилеген. Ошондой эле өкмөт башчы салыктарды кошкондо Кумтөрдөн 2,5 жылда 710,8 миллион доллар түшкөнүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан