Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСка каршы согушту улантууга убада берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.
Израиль парламентинде Нетаньяху соккуну "трагедиялуу кокустук" деп айтып, бирок "бардык максаттар ишке ашмайынча согушту токтотуу ниетим жок" деп кошумчалады.
Анын айтымында, Израиль карапайым калкты коргоо үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүп жатат. Ал эми Израилдин куралдуу күчтөрү жаңжалга катышпагандарга зыян келтирбөөгө аракет кылууда.
"Рафахта биз миллиондогон тургундарды эвакуацияладык, бирок биздин аракетибизге карабастан, кечээ каргашалуу кырсык болду", - деп айтты парламентте Нетаньяху.
Ошондой эле ал бул окуя иликтенип, жыйынтык чыгарыларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, жекшемби күнү Израилдин коргонуу күчтөрүнүн Рафах качкындар лагерине жасаган соккусунан 35 киши набыт болгон.