Дзюдочу Эрлан Шеров эл аралык дзюдо федерациясынын версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 5-орунга көтөрүлдү. Бул туурасында аталган федерациянын расмий сайтында маалымдалат.
Белгилүү болгондой, жаңыланган рейтинг БАЭде өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы менен жарыяланды.
Эрлан Шеров Абу-Дабиде өткөн Дүйнө биринчилигинде 90 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, коло медаль уткан. Мындан тышкары ал 1000 рейтингдик упай алган. Муну менен ал 4818 упайга ээ болуп, 9-орундан 5-орунга көтөрүлдү.