Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram каналына кечинде Ташкенттеги сейилдөөсүн жана жергиликтүү тургундар менен баарлашуу учурунда тартылган кадрларды жайгаштырды.
Анда Өзбекстанга расмий иш-сапары менен келген Кадыров кечинде Ташкентти кыдырып, эл менен баарлашканын айтты.
"Бизге болгон кубанычтуу саламдар бардык жактан угулду. Биз бардыгы менен сүрөткө түштүк", - деп жазды Кадыров.
Кадыровдун айтымында, ага адамдар келип, Чеченстан тууралуу сурап, бул республикага баруу пландары тууралуу айтып беришкен.
Буга чейин Кадыров Ташкентте экенин жана Владимир Путиндин катышуусунда өтө турган Орусия менен Өзбекстандын кеңешинин жыйынына катышарын билдирген.