Биз социалдык тармакта

Жетишип калыңыз. 1-класска электрондук каттоонун бүтүшүнө беш күн калды

Бүгүн, 28-майга карата өлкө боюнча 69 миң 919 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги таратты.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

Ош облусу – 13 926;

Жалал-Абад облусу – 13 956;
Чүй облусу – 10 956;
Баткен облусу – 8153;
Ысык- Көл облусу – 6291;
Нарын облусу – 3998;
Талас облусу – 3616;
Бишкек шаары – 6811;
Ош шаары – 2212 бала каттоодон өттү.

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы №20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.

6. А.С. Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

Белгилей кетсек, балдарды 1-класска электрондук каттоонун I этабы – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин жүрөт. Ал эми II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан