Канн кинофестивалында белгилүү актёрлор Израилдин Газа тилкесиндеги агрессиясына байланыштуу Палестинага тилектештигин билдиришти.
Белгилүү болгондой, 77-Канн кинофестивалынын продюсерлери тарабынан ар кандай саясий баяндамаларга тыюу салынган.
Ага карабастан италиялык актриса Жасмин Тринка Палестинаны колдоо белгиси катары Палестинанын желеги түшүрүлгөн брошь тагынган.
Ал эми алжирлик француз актрисасы Лейла Бехти сахнага Палестина менен тилектештиктин символдорунун бири болгон дарбыз мотивдери түшүрүлгөн брошь кийип чыккан.
Эске салсак, 77-Канн кинофестивалы 14-майдан 25-майга чейин Круазетте болуп өттү.
Анда Шон Бейкердин "Анора" тасмасы "Эң мыкты тасма" номинациясында "Алтын пальма бутагын" жеңип алды.