Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашкан.
Примов Пакистандын жаңы парламентинин шайланышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу мындан ары да бекемделип, өнүгүүнүн жаңы сапатуу баскычына чыгарына, аны менен катар БУУнун, ШКУнун жана башка эл аралык уюмдардын аянттарында көп тараптуу форматта уланарына ишенимин билдирген.
Ошондой эле сүйлөшүүдө депутат 13-18-майда болуп өткөн терс окуяларда пакистандык студенттер да жабыркаганын өкүнүү менен белгилеп, учурда өлкө аймагында абал тынч экенин айткан.
Өз кезегинде элчи Хасан Али Зайгам жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык айтып, соңку окуялар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы достук мамилеге терс таасирин тийгизбейт деген ишенимин билдирген.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки мамлекеттин тең кызыкчылыгын козгогон маселелерди колдоп, эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешкен.