Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы селден жабыркаган айылдардагы жагдай менен жеринде таанышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Шакиев Аксы районуна болгон иш сапарынын алкагында Ийри-Булуң, Кара-Суу жана Кызыл-Туу айылдарынын селден кийинки абалы менен таанышып, тургундары менен жолугушууларды өткөргөн.
Жолугушууда тургундар тарабынан бир катар социалдык маселелер көтөрүлүп, оорукана куруу, "Тез жардам" унаасын бөлүү жана өрт өчүргүч кызматын ачуу өңдүү талаптар айтылган.
Ал эми парламенттин төрагасы селден олуттуу зыянга учураган 4 үйдүн ээсине өзүнүн резервдик фондунан 200 миң сомдон бөлүп берерин билдирген.