Казакстанда 5 жашар баланын башкаруусундагы унаа адамдарды сүзүп кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазууда.
Интернет желесинде унаанын элди сүзүп баратканы тартылган видео тарады. Окуя болгондон кийин бала унаадан чыгып, башка тарапты көздөй чуркап баратканын көрүүгө болот.
Маалым болгондой, унаанын ичинде отурган беш жаштагы бала кол тормозун коё берген. Натыйжада унаа турган жеринен жылып, адамдарды сүзгөн. Түрдүү жараат алган 5 киши ооруканага жаткырылганы белгилүү болду.
Милиция кылмыш ишин козгоду. Эми ата-энеси эмне себептен баланы унаада жалгыз калтырып, этиятсыздык кылганын түшүндүрүшү керек.