Ош шаарында тесттик режимде "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөт, видеого тартып алат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, долбоордун алкагында Ош шаарындагы 20 кесилишке 150 программалык аппараттар, анын ичинде 5 мобилдик, 11 көчмө, калганы стационардык камералар орнотулат.
Аталган долбоор эки этапта ишке ашырылып, биринчи этаптын алкагында 60, экинчи этаптын алкагында 90 программалык аппараттарды орнотуу пландалууда.
Кесилиштерге орнотулган камера бузуунун төмөнкү түрлөрү боюнча аныктайт:
1-июндан тарта "Коопсуз шаар" долбоору тесттик режимде ишин баштайт. Ал бир айга созулат. Мында автоунаалардын жол эрежесин бузгандыгы фото, видеого тартып алынат, бирок айып пул салынбайт.
Ал эми бир айдан кийин жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдар расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт.